Кызматтар
Жеке брокер
Инвестицияларыңызга жеке мамиле. Инвестициялык кеңешчи сиз үчүн портфель түзүп, инвестициялык максаттарыңызга жетүүгө жардам берүү үчүн аны башкарууда колдоо көрсөтөт

Портфелиңизге акысыз талдоо алыңыз
- Каржы куралдарын талдоо
- Бүтүмдөрдүн келечегин баалоо
- Портфелдин курамын бекемдөө боюнча сунуштар
Натыйжалуу инвестицияга 3 жөнөкөй кадам
Инвестициялык план түзөбүз
Каржылык максаттарды аныктап, портфелдин моделин сунуштайбыз.
Максатка бирге барабыз
Каржылык максатка жеткенге чейинки бүт жолдо коштоп жүрөбүз.
Жылышты көзөмөлдөйбүз
Инвестицияларыңыздын натыйжалуулугун көзөмөлдөйбүз.
Ыңгайлуу форматта
Инвестициялык кеңешчи менен баарлашыңыз
Онлайн жолугушууга жазылыңыз же кеңселерибиздин каалаганына келиңиз.

Кызматташуунун форматтары
Инвестор
- Максат
- Негизсиз тобокелдиктерсиз капиталды акырындык менен көбөйтүү
- Соода стили
- Узак мөөнөттүү инвестициялар
- Чечим
- Диверсификацияга жана тобокелдиктерди көзөмөлдөөгө басым, активдерди натыйжалуу башкарууга жардам
- Кошумча маалыматтык жана консультациялык тейлөө кызматынын баасы
- таза активдердин суммасынан жылдык 2%
Трейдер
- Максат
- Рыноктун туруксуздугун пайдалануу; чыгым тобокелдиги жогору
- Соода стили
- Кыска мөөнөттүү алып-сатарлык бүтүмдөр
- Чечим
- Активдүү соодага жана кыска мөөнөттүү идеяларга басым, ар бир позиция боюнча катуу тобокелдик-менеджмент
- Кошумча маалыматтык жана консультациялык тейлөө кызматынын баасы
- жүгүртүүдөн 0,2%, инвестициялык кирешеден 20%



Инвестициялык идеяларды ишке ашыруу
Жеке брокер менен көбүрөөк мүмкүнчүлүккө ээ болосуз
Өзгөчө сунуштар
pre-IPOго катышыңыз, евробонддорго инвестиция салыңыз, атайын сиз үчүн иштелип чыккан жеке инвестициялык чечимдерди колдонуңуз.
Жеке мамиле
Портфелди түзүүдө валюталар, инвестициялык куралдар жана рыноктор боюнча каалооңузду эске алабыз жана каржылык максатка тезирээк жетишиңиз үчүн өз идеяларыбызды сунуштайбыз.
Глобалдык инвестициялар
Дүйнөлүк рыноктогу эң келечектүү инвестициялык идеялар тууралуу биринчилерден болуп билиңиз. Эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен Азия Кэпитал аркылуу эл аралык инвестицияларга жетүү мүмкүнчүлүгүн алыңыз.
Алдыңкы технологиялар
Сизге алгоритмдик стратегиялар, портфелди автоматтык түрдө кайра теңдөө системасы, смартфондо бир басуу менен сунуштарды аткаруу жеткиликтүү болот.
Адистер менен бирге инвестиция салыңыз









Кызматташууга даярсызбы?
Биз менен байланышып, кызматтарыбыз жана ишенимдүү коштоону камсыз кылган адистер командасы жөнүндө кененирээк билиңиз.